IBilim.kg сайты Кыргыз Республикасынын Билим

IBilim.kg сайты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин тапшырмасы менен иштелип чыгып, республикабыздын башталгыч класстарынын окуучуларына жана мугалимдерине кошумча окуу ресурсу катары сунуш кылынат. Сайттын материалдары окутуу кыргыз жана орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде пайдалануу үчүн иштелип чыккан. Материалдарды иштеп чыгууда тажрыйбалуу методисттер, программисттер, IT- адистер жана кеңешчилер биргелешип иш жүргүздү. Башталгыч класстын окуучулары көрсөтмөлүү жана көркөмдөлгөн материалдарды жакшы кабыл алгандыктан, жумушчу топ сүрөттүү жана мультимедиалык материалдардан көбүрөөк чагылдырууга, оюн түрүндөгү материалдарды көрүү жана угуу, сезип-туюу, элестөөнү өрчүтүү үчүн пайдаланууга аракеттенди. Салттуу жана инновациялык методдорду айкалыштыруу менен мугалим өз сабагын таанып-билүүгө багытталган, натыйжалуу, өркүндөтүүчү нагыз сабакка айландыра алат. Материалдарды жаңы темаларды түшүндүрүү үчүн пайдаланууга болот, окуучулар интерактивдүү тесттерди аткаруу аркылуу мурда алган билимдерин бекемдей алышат, кеп байлыгын өстүрүү максатында аудио-ресурстарды угуу жана тексттерди окуу менен жалпы ой жүгүртүүсүн кеңейтүү үчүн колдонууга болот. Электрондук жана мультимедиалык ресурстар мугалимди, окуу китебин алмаштыра албайт, бирок алар жаңы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ача алышат.

IBilim.kg сайтында жайгашкан билим берүү ресурстарын колдонуу аркылуу мугалим өз сабагынын мазмунун тереңдетет жана кызыктуу сабакка айланта алат.

Жоопкерчиликтүү уюм: «Таалим-Форум» коомдук фонду (фонддун жүргүзгөн иши тууралуу www.taalimforum.kg сайтынан тааныша аласыздар)

Методисттер:

Солошенко О.В. – «Мекен таануу» сабагы Зарылбекова Г.Д. – «Мекен таануу» сабагы Каримова Ж.А. – «Математика» сабагы Жуманалиева З.А. – «Математика» сабагы Акунова А.Р. – «Кыргыз тили» сабагы Кайкиева Г. С. – «Кыргыз тили» сабагы Фадеева Г.Н. – «Орус тили» сабагы орус мектептеринде Качигулова В.Н. – «Орус тили» сабагы орус мектептеринде Мусаева Ч.М. – «Орус тили» сабагы кыргыз мектептеринде Сапарбаева А.К. – «Орус тили» сабагы кыргыз мектептеринде Шабельская О.С. – «Англис тили» сабагы Цуканова Н.Э. – «Англис тили» сабагы Сырдыбаева Р. М. – «Музыка» сабагы Лапшина Т.И. – «Музыка» сабагы Дунганова О.Е. – «Көркөм сүрөт өнөрү» сабагы Акматова К.Р. – «Көркөм сүрөт өнөрү» сабагы

Программисттер жана IT-адистер:

Жунусалиев К.Ж. Бейгазиев Н.Ч. Зангиров М.С. Жолчубекова А.Ж. Ульмасов А.А. Эмильбек уулу Мирбек Жумушчу топ: Абдылдаев М.М. Каныбек уулу Кыялбек Кубатов А.Ж.

Котормочулар:

Турпанова Ж.А. Акматов К.Б. Ибраимова С.А.

Сабактарды, видео-роликтерди үн менен коштогондор:

Наралиева М., Качигулова В.Н., Касымбаев А., Осмонова А.А. Окуучулар: Осмонова Эрика, Осмонова Айдана, Худайбердиев Заир. Англис тилинде окуган: Чарльз Бакстер, Магда Остов, Жейк Завласки. Сүрөттөрү: Акматова К.Р. Музыкасы: Жеенбаев М.Т. Ырдын текстинин автору – Наралиева М.

Долбоордун өнөктөштөрүнө ыраазычылык

Сайтты иштеп чыккан топтун атынан көрсөтмөлүү жана билим берүү ресурстарын акысыз пайдаланууга салымын кошкон төмөнкү уюмдарга ыраазычылык билдиребиз: — КРнын Коомдук телерадио берүү корпорациясына (КТРК) – электрондук жана мультимедиалык материалдары менен бөлүшкөндүгү үчүн. — Кыргыз Республикасынын ӨКМнин жарандарды коргоо боюнча адистерди даярдоо борборуна – коопсуз жашоо-тиричилик боюнча материалдары үчүн. — «Спутник» кабар агенттигине – www.sputnik.kg.сайтын пайдаланууга мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн. — Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейине – «Көркөм сүрөт өнөрү» сабагы боюнча видео-сабак түзүүгө кылган жардамы үчүн. — «Бирге окуйбуз» ЮСАИД долбооруна – балдардын арасында окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча берген материалдары үчүн. — Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнө – балдардын гигиенасы жана коопсуздугу боюнча материалдары үчүн. — Кыргыз Республикасындагы ПРООНго жана Глобалдык экологиялык фондуна – анимациялык роликтери үчүн. — «Балажан» борборуна – «Көркөм сүрөт өнөрү» сабагы боюнча ресурстарды түзүүгө кылган жардамы үчүн. — «Озон» борборуна – «Мекен таануу» сабагы боюнча материалдары үчүн. — Сорос-Кыргызстан Фондуна – балдар үчүн ачык билим берүү ресурстарын түзүүгө кошкон салымы үчүн. — «Устатшакирт» борборуна – «Музыка» сабагы боюнча видео-материалдары менен бөлүшкөндүгү үчүн. — «Кыргызкинохроника» студиясына – мультимедиялык материалдарды техникалык колдоого алгандыгы үчүн.

© 2018 iBilim.kg Проект жөнүндө