IBilim пилоттук долбоору ишке ашырылды

Тажрыйбалуу мугалимдер менен маалымат технологиясы боюнча адистер биргелешип, мектептердин башталгыч класстарына 7 сабак боюнча электрондук программалык-методикалык комплексти кошумча билим берүү ресурсу катары иштеп чыгышты.

Аталган билим берүү комплексин Кыргыз билим берүү академиясынын эксперттери карап чыгып, КББАнын окумуштуулар кеңешинде бекиткен. Материалдарды көз карандысыз эксперттер карап чыгып, оң баасын беришкен.

Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет.

Ресурстарга кирүүнүн жолдору жана тажрыйбадан өткөрүү

Электрондук ресурстардын билим берүү комплекси интернетке кыргыз жана орус тилдеринде коюлган ага www.ibilim.kg.  дареги менен кирүүгө болот. Кирүү акысыз жана каттоону талап кылбайт. Иштелип чыккан материалдар башталгыч класстын мугалимдерине, окуучуларга жана алардын ата-энелерине пайдалуу.

КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен республикабыздын 60 мектеби тандалып алынып, мультимедиалык китепканалар менен жабдылууда. Бул мектептердин башталгыч класстарынын мугалимдери иштелип чыккан электрондук ресурстарды сабактарда колдонуунун жолдорун бет ачарларга катышып үйрөнүштү. Мектептердин жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, талкуулар жүргүзүлдү.

Аталган 60 мектептин мультимедиалык китепканалары интернетке кошулбай эле пайдаланууга боло турган мультимедиалык комплекстин оффлайн версиясын алышат. Мультимедиалык  комплексти мугалимдер компьютер менен ноутбуктарга толук  көчүрүп ала алышат.

Окуу комплексин 60 мектепте тажрыйбадан өткөрүү иши 2018-19-окуу жылында башталат.

Билим берүү комплексин иштеп чыккан топ:

Жоопкерчиликтүү уюм: «Таалим-Форум» коомдук фонду

Методисттер:

Каримова Ж.А. – «Математика» сабагы

Жуманалиева З.А. – «Математика» сабагы

Солошенко О.В. –  «Мекен таануу» сабагы

Зарылбекова Г.Д. – «Мекен таануу» сабагы

Акунова А.Р. – «Кыргыз тили» сабагы

Кайкиева Г. С. – «Кыргыз тили» сабагы

Фадеева Г.Н. – «Орус тили» сабагы орус мектептеринде

Качигулова В.Н. – «Орус тили» сабагы орус мектептеринде

Мусаева Ч.М. – «Орус тили» сабагы  кыргыз мектептеринде

Сапарбаева А.К. –  «Орус тили» сабагы кыргыз мектептеринде

Шабельская О.С. –  «Англис тили» сабагы

Цуканова Н.Э. – «Англис тили» сабагы

Сырдыбаева Р. М. – «Музыка» сабагы

Лапшина Т.И. – «Музыка» сабагы

Дунганова О.Е. – «Көркөм сүрөт өнөрү» сабагы

Акматова К.Р. – «Көркөм сүрөт өнөрү» сабагы

Программисттер жана IT-адистер:

Жунусалиев К.Ж.

Зангиров М.С.

Бейгазиев Н.Ч.

Жолчубекова А.Ж.

Ульмасов А.А.

Эмильбек уулу Мирбек

Мультимедиалык иштелмелерди чыгарган топ:

Абдылдаев М.М.

Кубатов А.Ж.

Каныбек уулу Кыялбек

Калыбек у. Д.

Самахов А.

Каримов Д.

Абылаева Ж.

Касымалиев К.

Котормочулар жана редакторлор:

Турпанова Ж.А., Акматов К.Б., Ибраимова С.А., Качигулова В.Н., Мусаева Ч.М.

Сабактарды, видеороликтерди үн менен коштогондор:

Борченов У., Качигулова В.Н., Наралиева М., Касымбаев А., Жарашев Э., Волосатых О., Жакыпбеков Н., Осмонова А.А., Жунусалиев К.Ж., Каримова Ж.А. ж.б.

Англис тилинде окугандар: Чарльз Бакстер (Улуу Британия), Магда Остов, Джейк Завлавски (АКШ).

Бишкек шаарынын мектептеринин окуучулары.

Сүрөттөрү: Акматова К.Р.

Музыкасы: Жеенбаев М.Т.

Ырдын текстинин автору – Наралиева М.

Көз карандысыз экспертиза:

Дримблева Е.Ю., Шкуренко В.А., Момункулова З.К., Мааткеримова А., Кадралиева А.К.

Долбоордун өнөктөштөрүнө ыраазычылык

Окуу комплексин иштеп чыккан топтун атынан өздөрүнүн ресурстарын, көрсөтмөлүү жана билим берүү материалдарын акысыз пайдаланууга берген төмөнкү уюмдарга ыраазычылык билдиребиз:

  • КРнын Коомдук телерадио берүү корпорациясына (КТРК);
  • Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм-сүрөт музейине;
  • Кыргыз Республикасынын ӨКМнин жарандарды коргоо боюнча адистерди даярдоо борборуна;
  • Республикалык окуу-методикалык жана эстетикалык тарбия берүүчү «Балажан» борборуна;
  • Сорос-Кыргызстан Фондуна;
  • «Спутник Кыргызстан» кабар агенттигине;
  • Кыргыз Республикасындагы ЮНИСЕФ өкүлчүлүгүнө;
  • «Бирге окуйбуз» ЮСАИД долбооруна;
  • Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү программасына жана Глобалдуу экологиялык фондуна;
  • «Устатшакирт» борборуна;
  • «Айгине» маданий-изилдөө борборуна;
  • «Рурал Девелопмент Фанд» коомдук фондуна;
  • “Роза Отунбаеванын Демилгеси” фондуна;
  •  «Озон» борборуна;
  •  «Кыргызкинохроника»  студиясына.